Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 5/2
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиянын торагасы К.М.Шабдановдун маалымдамасын угуп, айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Айылдык аймакта 6 жалпы орто билим берүүчү, бир мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар, №6 ҮБДТ, участкалык оорукана жана бир маданият үйү, 3 айылдык китепкана, 6 ФАП калкка кызмат көрсөтүп иштейт.
Бул аталган уюмдар жана мекемелер тийиштүү имараттарда жайланышкан.
Авлетим айыл өкмөтү 2017-2018-күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү өткөрүү боюнча тийиштүү иш аракеттерди көргөн.
Билим берүү уюмдарын жана маданий мекемелерди (маданий үйү, 3 китепкана) күз-кыш мезгилдерине даярдоо жана аны талаптагьщай өткөрүү боюнча тийиштүү чараларды көргөн.
Көмүр отун менен камсыз кьшуу максатында тендерди өз убагында өткөрүүгө жетишкен. Билим берүү уюмдары боюнча көмүр менен камсыз кылуу укугун 2017-жылдын OA.- августунда өткөрүлгөн тендерде Осо «Миллиярд» ЖМП уюму утуп алган жана көмүрдү билим беруу уюмдарына жылытуу мезгили башталганга чейин эле 100% камсыз кылган.
Ушундай эле саламаттыкты сактоо мекемелерине да көмүр-отунду райондук башкаруу органдары жетишерлик деңгээлде камсыз кылган.
Китепканалар электрдик жылытуучу приборлор менен камсыз болушкан. Айыл өкмөтүнун каражатынын эсебинен Коргон ФАПынын жылытуу системасы жаңыдан курулуу алдында турат. Кыш мезгилине даярдык көрүүдө айрым кемчиликтерге жол берилгендигин айылдык кеңештин сессиясы белгилеп өтөт.
Мукур китепканасынын жьшуулугу чечилген эмес. Ушул күнгө чейин китепкана электр энергиясы менен камсыз болгон эмес. Печка курулбаган электр тогунун жоктугунан иштебей турат. Коргон ФАПынын жылытуу системасы үчүн бөлүнгөн каражат финансылык тартиптен улам иштетилбей кечигүүдө. Айылдык маданият үйүнүн жылуулугу жок.
Мукур айылындагы К.Алымкулов атындагы Инновациялык орто мектебинин жылытуу системасынын буу казандары талаптагыдай оңдоодон өткөн эмес. Ал эми буу казанын сатып алып. куруу үчүн айыл өкмөт тарабынан каралган 100 миң сом акча каражаты финансылык тартиптен жана сатып алуулардын эрежесинен улам ушул мезгилге чейин жүзөгө ашырыла элек.
Мектептерге ташылган көмүрдүн сапаты начар экендигин сессия баса белгилейт.
Жогоруда белгиленгендерди угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы билим беруү уюмдарынын, саламаттыкты сактоо жана маданий мекемелер дин 2017-2018-күз-кыш мезгилдерине даярдыктарынын абалы жөнүндө айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы К.М.Шабдановдун маалымдамасы көңүлгө алынсын.
2. Айыл аймагындагы билим берүү уюмдарын, сапаматтыкты сактоо жана маданий мекемелерди 2017-2018-күз-кыш мезгилдерине талаптагыдай даярдоо боюнча Авлетим айыл өкмөтүнүн жетекчилиги, саламаттыкты сактоо мекемелеринин райондук жетекчиликтери тарабынан талаптагыдай аракеттердин көрүлгөндүгү, анын натыйжасында бул уюмдар жана мекемелер күз-кыш мезгилине толук даярдыктар менен келгендиги белгиленсин.
3. Кышка карата даярдык көрүүдө орун алган айрым кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун көңүлү бурулсун.
4. Мектептер үчүн көмүр сатып алууда айыл өкмөтүнүн тендердик комиссиясы тендерге катышкан уюмдарга көмүрдүн сапаты боюнча талапты катуу коюу маселесин айыл өкмөттүн жетекчилигинин мындан аркы иш процессинде эске алынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Социалдык» маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Шабданаов К.М) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |