Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 5/3
Авлетим айылдык кеңешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Авлетим айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлушунө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.О.Тургуналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги бешичи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн Авлетим айыл аймагынын 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.О.Тургуналиевдин билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2. Аталган аудиттин жыйынтыгы боюнча отчётто жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жазма буйругунда көрсөтүлгөн сунуштар Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдыраманов жана айыл өкмөтүнүн ФЭБинин башчысы-башкы эсепчи Б.К.Абылаев тарабынан аткарууга алынсын жана көрсөтүлгөн кемчиликтерге мындан ары жол бербөө аларга милдеттендирилсин.
3. Айылдык кенештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясы (Тургуналиев К.О.) мындан кийинки аудиттик текшерүүлөр жүргүзүлгөн учурда мурдагы аудит тарабынан белгиленген кемчиликтердин айыл өкмөтүнүн ФЭБи тарабынан кетирилбешине көзөмөлдүк жүргүзсүн.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 14.11.2017-жылдагы №01-12/718 сандуу катына жооп иретинде аталган аймактык бөлүнүшкө женөтүлсүн.
5. бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет жана экономика” масалелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.О Турганалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |