Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 5/4
Авлетим айылдык кеңешинин сессиясы «Авлетим айыл аймагынын жергиликтүү экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга түзүлгөн планы жөнүндө» айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Т.Осмоналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана бул маселе боюнча айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.О.Тургуналиевдин кошумча маалымдамасына ылайык, туруктуу комиссиянын кортундусуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл аймагынын Жергиликтүү экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга түзүлгөн планы бекитилсин.
2. Жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн планьшда белгиленген иш мерчемдерди жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруучулук жана практикалык чараларды көрүү Авлетим айыл өкмөтүнө (башчысы Н.А.Абдыраманов) милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Бюджет жана экономика», «Социалдык» жана «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына (Тургуналиев К.О., Шабданов К.М., Төлөбаев А.А.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |