Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-декабры № 5/5
Авлетим айылдык кеңешинин сессиясы Авлетим айыл аймагынын Итагар айылынын тургундарынын, убагында Авлетим токой чарбасында эмгектенген бир тобунун жер үлүштөрү боюнча түзүлгөн кырдаалды баяндаган 2017-жылдын 05-декабрындагы № 271 сандуу катынын мазмуну менен таанышып чыгып, бул маселе боюнча Авлетим токой чарбасынын директору З.А.Батырбековдун, Итагар айылынын башчысы А.А.Алымкуловдун жана депутат жана токой кызматкери, адис К.Аликеевдин сүйлөгөн сөздөрүн угуп, төмөндөгүлөрдү белгилейт.
1994-жылдары Тельман атындагы колхоздун жерлери Авлетим айыл аймагынын жашоочуларына жер үлүш катары бөлүштүрүлгөндө Авлетим токой чарбасынын Алаң-Башат участкасындагы 26 (жыйырма алты) га жери Итагар айылынын тургундарынын токой чарбада эмгектенишкен адамдарына үлүш катары бөлүнүп кеткен.
Учурда Авлетим токой чарбасынын жер аянттарын тактоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан келген комиссия аталган 26 га жер аянтын Авлетим токой чарбасына таандык экендигин жана үлүшкө бөлүнгөнү туура эмес болгондугун аныктап чыккан.
Ушундан улам Итагар айылынын аталган жер аянтынан үлүшкө ээ болгон адамдары жер үлүшсүз калгандыктарына нааразычылыгын билдирип, маселени чечип берүү жагын талап кылышууда.
Жогоруда белгиленгендерди талкуулап чыгып, Авлетим айылдын кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Итагар айылынын тургундарынын бир тобунун жер үлүштөрү боюнча түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча Авлетим айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Жер жөнүндө» Кодексинин талаптарына ылайык, тийиштүү жана компетенттүү органдардан консультация алуу менен зарыл болгон документтерди даярдоо иштерин жүргүзсүн.
2. Бул маселе боюнча айылдык кеңештин компетенциясына байланыштуу болгон документтерди даярдап берүүгө Авлетим айылдык кеңешинин макул экендиги көңүлгө алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларына ( Жолдошов К.Ө, Төлөбаев
Төрага | А. Шырдаков |