Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-декабры № 1
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышынын X IV – сессиясы Боо-Терек айыл аймагынын жамаатынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүк планын карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынын жамаатынын 2017-2021- жылдарга жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча орто мөөнөттүк планы бекитилсин.
2. Боо-Терек айыл аймагынын жайыт комитетинин жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын орто мөөнөттүк планын аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл аймагынын жайыт комитетинин жайыт пайдалануучулар бирикмесине жүктөлсүн.
Төрага | Э. Бейшебаев |