Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-апрели № 51
Рават айылындагы кайрак жерлерге эгилген кылкандуу дан эгиндерин коруу жана сугат сууну туура график боюнча колдонуу үчүн болгон Рават элинин чогулушунун негизинде Ак-Татыр айылдык Кенешинин IV чакырылышынын XIV-кезексиз сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылда кайрак эгиндерди коруу боюнча 6(алты) кароол шайланган.Алардын эмгек акысы үчүн эгилген эгиндин ар бир гектарынан бир мешоктон арап же буудай жаначабынды чөптөрдөн гектарына 500(беш жүз) сом белгиленсин.
2. 2017-жылга сугат сууну башкарууга 3 (үч) суучу шайлансын. Алардын эмгек акысы ар бир саатына 15 (он беш) сомдон белгиленсин.
З. Тартип бузгандар үчүн салынуучу айып пул томөндөгүдөй белгиленсин.
- Эгиндер үчүн:
Бир баш уйга /горпокко 50 (элүү) сом
кой-эчкиге-10(он) сом
Жылкы.кулунга-500 (беш жүз) сом
Сугат суу учүн:
Биринчисинде – Эскетуу
Экинчисинде-1000(бир мин)сом
4. Айып пулдан түшкөн акчалар Рават айылынын муктаждыгына керектелсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Рават айылынын айылдык кенештин депутаттарына милдеттендирилсин.
Төрага | М. Иметов |