Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-майы № 18/3
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган, мурда Өзбек Республикасынын «Фергананефтегаз» ишканасы пайдаланып, азыркы убакта бош жаткан жер аянтын « ТЕН ЮАН» ЖАК на убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү маселесин айылдык-кенешин депутаттары угуп, талкуулап, айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «ТЕН ЮАН» ЖАКна 25.03.2014-жылы берилген 3281 НП лицензиясына ылайык, Актурпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы «Сох», « Батыш -Сох» участкаларын геологиялык изилдөө үчүн 2018-жылына чейин 56188 га жер аянты убактылуу пайдаланууга ижаралык шартта алгандыгына байланыштуу, «ТЕН ЮАН» ЖАК на айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги 4,05 га жер аянты, курулуш обьектилери менен 20 жылдык мөөнөткө ижаралык шартта ажыратылып берилсин.
2. Келишимдин ижара акысы бир жылына 20000 (жыйырма мин) доллар эсебинде түзүлсүн, төлөм улуттук банктын курсу боюнча сом менен төлөп берүү жагы ижарачыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |