Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-майы № 18/4
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы БМК каналын асты үстүндөгү кароосуз калган жерлерди жана мурдагы НГДУ ээлеп турган айланасындагы жерлерди ижарага берүү боюнча өткөрүлгөн жалпы элдик чогулушунун протоколун айылдык кенешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы БМК каналын асты үстүндөгү кароосуз калган жерлерди жана мурдагы НГДУ ээлеп турган айланасындагы жерлерди убактылуу мөөнөткө торуктук негизинде мыйзамдаштырылып, ижарага берилсин.
2. Келишимдин ижара акысы ОДга жерге бир жылына 5000 ( беш мин) сом эсебинде түзүлсүн жана ушул күнгө чейин пайдаланып келгендиги үчүн жерлердин ижара акысын төлөп берүүжагы ижарачыга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |