Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июну № 19/1
Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы газтрубаларын «Кыргызгаз» компаниясына казып алууга уруксат беруу жөнүнундөгү маселени айылдык кенешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Өзбек Республикасынын «Фергана-Урсатаевск» ишканасы пайдаланып келген, бугүнкү күндө «Кыргызгаз» компаниясынын балансасына өткөндүгүнө байланыштуу казып алууга уруксат берилсин.
2. Жумуш бүткөрүлгөндөн кийин жерлерди калыбына келтируу «Кыргызгаз» компаниясына милдеттендирилип, айыл өкмөтүтарабынан көзөмөлгө алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |