Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-июну № 19/2
Эл жашаган калктуу пункттарга жана соода борборуна жол белгилерин орнотуу жөнүндө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы соода борборуна жана Жаш-Тилек, Миң-Чынар, Жаны-Жер, Жетиген калктуу конуштарынан өтүүчү магистиралдык авто жолун четине жол белгилерин коюу жөнүндөгү А.Жороевдин жана элдин өтүнүч арыздарын айылдьж кенешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып, айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн аймагындагы эл пайдалануучу соода борбору жана Жаш-Тилек, Мин-Чынар, Жаны-Жер, Жетиген калктуу конуштарынан отуучу магистралдык Кадамжай-Баткен авто жолун четтерине, авто уналардын ылдамдыгы чектөө боюнча жана авто унааларды токтоп турууга жол шартына ылайык тыюуу салуу боюнча, жүргүнчүлөр өтүүчү жайларга жол белгилерин орнотууга уруксат берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер маселелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |