Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-октябры № 24/6
Ак-Турпак айылдык кенешинин 5 чакырылышынын 24 сессиясында айылдык кеңешин депутаттары маселени угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү өрөөнүнүн өздөштүрүлгөндүгүнүн 40 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча уюштуруу тобунун курамы тузүлсүн.
2. Аткарылуучу иштерге жооптуу адамдар бекитилсин.
3. Жүрүп жаткан курулуш жумуштарын бүткөрүүучун жооптуулар бекитилсин.
4. Бүргөндүнүн 40 жылдык майрамын өткөрүү үчун борбордук көчөлөр иретке келтирилип,электр жарыткычтар коюу,маданият үйунүн алдына Бүргөндү өрөөнүнүн өздөштүрүүдө эмгеги сиңген ардактуу атуулдардын эстелигин жасатып, орнотулсун.
5. Жаңы-Жер айылындагы борбордук стадионго приздум жана эл үчүн отургучтар орнотулуп,электр жарыткычтар коюлуп, жасалгалоо, соода борборуна Арка орнотуу, көчөлөргө панолор куруу, көрнөк жарнактар жана желектер илуу иштери жүргүзүлсүн.
6. Улуттук оюндарды өткөрүү үчүн ат майданы даярдалсын.
7. Айыл өкмөтүнун аймагындагы ички жолдорго шагал төшөлүп, грейдер жүргүзүлсун, атайын суу себүүчү машина менен суу себилсин жана улуттук оюндар өткөрүү үчүн ат майданына грейдер салынсын.
8. Бүргөндүнүн 40 жылдык майрамына карата чакырылуучу конокторго чакыруу баракчалары, Ардак грамоталар, баалуу сыйлыктар даярдалсын.
9. Э. Бүргөндүнүн 40 жылдык майрамына чакырылган конокторго сый тамак уюштурулсун.
10. Жаны -Жер айылындагы стадионунунда Бүргөндүнүн 40 жылдык майрамы салтанатуу түрдө өткөрүлсүн.
11. Жаны-Жер айылындагы стадионунда Бүргөндүнүн 40 жылдык майрамына карата мелдештер уюштурулуп, төкмө акындарга, айыл чарба продукцияларын жармаркесине, боз үйлөрдүн жасалгалоосуна, улуттук тамактардын көргөзмөлөрүнө 1-2-3 -орундар учун акчалай сыйлыктар берилсин.
12. Бүргөндүнүн 40 жылдык майрамына карата Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүүдө эмгеги сиңген атуулдарга ,спорттук мелдештин жеңүүчүлөрүнө медалдар жасатылсын.
13. Жаны-Жер айылындагы ат майданында волейбол, футбол, күрөш, улак оюндары откорулсун жана спорттук мелдештин жеңүүчүлоруно 1-2-3 -орундар үчүн медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылсын.
14. Стадиондо концерттик программасын откорүү үчүн музыкалык аппаратуураларга жана Бургондү ороонүн оздоштүрүлгондүгүнүн 40 жылдык тарыхын чагылдырылган театрлаштырылган сахна корүнүшүно, облусубуздун атактуу обончуларына кызмат акы толонүп берилсин.
15. Бүргондүнүн 40 жылдык майрамына карата китеп жазууга убакыт аз болгондугуна байланыштуу Баткен таңына журнал чыгаруу үчүн буюртма берилсин.
16. Бүргөндүнүн 40 жылдык майрамына карата даярдыктарды көрүүгө кеткен акча каражатын болүп, ажыратып берүү жагы финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.
17. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика, айыл чарбадейлөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | А. Имаров |