Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 11-февралы № 10/7
Ак-Турпак айыл аймагындагы айылдардын инфраструктурасын көтөрүү максатында КБФ нын ижарадагы жерлери боюнча маселени айылдык кенешинин депутаттары угуп, талкуулап чыгып айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Актурпак айыл аймагын инфрастуруктурасын көтерүү максатында КБФ нын жерлери 1 жылдык мөнет менен аукцион негизинде ижарага берилсин.
2. Жерлердин шартын карап туруп, 5 жылдан 7 жылга чейин мөөнөтү менен аукцион негизинде мыйзамдаштырылсын.
3. Актурпак айыл аймагынын инфраструктурасын көтөрүү максатында узак мөөнөттүү КБФ нын ижарадагы жерлерди, коопаративдик фермер чарбалардын ижара мөөнөтү бүтпөгөн болсо дагы ижара акыларын 2 эсеге жогору көтөрүлсүн.
4. КБФ нын ижарадагы мөөнөтү буткөн жер аянттарын 20% тин жер мыйзамдарына ылайык ижарадагы жерди туз беруу жолу менен айыл аймагында социалдык жактан өтө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мумкүнчүлүгүчектелген жашоочуларына жерди туз беруу жагы жер мамилелерин жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Айылдын инфраструктурасын жогорулатуу максатында КБФ нын ижарадагы жерлердин ижара акыларын 2 эседен жогору көтөрүлсүн.
6. Токтомдун аткаруу жагы айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Н.Надыровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |