Загрузка документа…
АКТУРПАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 20-майы № 11/2
Ак-Турпак айылдык кенешинин 2015-2016-2017-жылдардын божомолдуу планын бекитуу жөнүндө Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн экономика жана Каржы бөлүмүнун башчысы- башкы эсепчи Н.Кожоевдин отчетун угуп, Ак-Турпак айыл өкмөтүнун 2015—2016-2017-жылдарга болжолдуу планын" Кыргыз Республикасынын 2015-жылга Республикалык бюджеттери жөнундө № 3714-Ү" мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Турпак айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Ак-Турпак айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн 2015-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүнө 10396,0 мин сомго, 2016-жылга 10810,2 мин сомго, 2017-жылга 10873,2 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Ак-Турпак айыл өкмөтүнун 2015-2016-2017-жылдарга киреше бөлүгүнүн божомолдуу планы № 1-тиркемеге ылайык аныкталсын.
3. 2015-2016-2017-жылдарга Ак-Турпак айыл өкмөтүнун бюджетинин каржылануучу мекеме -ишканалардын жылдык бюджети № 2-тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Финансы экономика жана Каржы бөлүмүнун башчысы- башкы эсепчи Н.Кожоевге бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
5. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнөн жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу жагы суралсын.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана айыл чарба тейлөө маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Имаров |