Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-июлу № 3
Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин сессиясында айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев жайыт пайдалануучулар бирикмеси долбоор аркылуу Ак Чабуу айылынын күнгөй тарабындагы мал суу ичүүчү булакты оңдоп түзөөдөн өткөрүүнү Ак Чабуу айылынын тургундарынан түзүлгөн кичи долбоордук топ менен биргеликте колго алынсын.
2. Т.Зулпуев жайыт пайдалануучулар бирикмеси Ак Чабуу айылына долбоор аркылуу оңдоп түзөөдөн өтө турган мал суу ичүүчү жайга керектүү документтерин бүтүрүү жагы жайыт пайдалуучулар бирикмесинин төрагасы А.Араповго милдеттендирилсин.
3. АРИСТин талаптарына ылайык долбоордун жалпы суммасынын 25% болгон өздүк салымды убагында камсыз кылуу жагы “кичи долбоордук” топко тапшырылсын.
4. Т. Зулпуев атындагы айыл аймагындагы башка ондоп түзөөгө муктаж болгон булактарды да жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Араповдун колго алуу жагы тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин ишкердүүлүк жана кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.М. Мурзаматов |