ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги ХХХ-ссссиясы
2015-жылдын 16-декабры № 4
Чаек айылынын тургуну Айдарбеков Чынгыз Айдарбековичке Шортон аймагындагы бассейинди узак мөөнөтүү ижарага берүү жөнүндө
Чаек айылынын тургуну Айдарбеков Чынгызга 2015-жылдын 16-декабрындагы № 633 сандуу арызында Шортон аймагындагы көп жылдан бери иштетилбей кароосуз жаткан бассейинди узак мөөнөткө ижарага сурап жазган арызы боюнча, Шортон аймагындагы Т. Жуматаев көчөсүндөгү көп жылдан бери иштетилбей турган бассейинди оңдоп түзөп, узак мөөнөткө ишкерлик кылууга ижарага берүү үчүн, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылынын тургуну Айдарбеков Чынгыз Айдарбековичке Шортон аймагындагы Т. Жуматаев көчөсүндөгү көп жылдан бери иштетилбей турган бассейинди узак мөөнөткө ижарага ишкерлик кылуу үчүн берилсин.
2. Ушул токтом Чаек айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Ж. Бөдөшбеков |