ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги ХХХ-ссссиясы
2015-жылдын 16-декабры № 8
Чаек айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине компьютердик техника алып берүү жана Чаек айылынын көчөлөрүн жарыктандыруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринин кызматтык иштерин женилдетүү жана алардын иштөө кызыкчылыгын жогорулатуу ошондой эле алардын жоопкерчилигин көтөрүү үчүн 120.0 мин сомго компьютердик техника, Чаек айылынын борбордук көчөсүнүн жарыктандыруу үчүн 60 даана 240.0 мин сомдук өзү күйүп өчө турган лампаларды алуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиевдин сунушун карап Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине компьютердик техникаларды алууга 120.0 мин сом, Чаек айылынын борбордук көчөсүн жарыктандырууга 60 даана 240.0 мин сомдук акча каражаты айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы сметасынан эмеректи жана жабдууларды сатып алуу статьясынан бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом Чаек айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Ж. Бөдөшбеков |