Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги ХХХ-ссссиясы
2015-жылдын 16-декабры № 11
Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин орто мөөнөтүү жайьп башкаруу планын, Чаек жайыт комитетинин бир жылдык иш планын, жайыт комитетинин инвестициялык планын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесине Дүйнөлүк айыл-чарбасын өнүктүрүү фондунан каралып жаткан грант каражатына Чаек айылынын Кашка-Терек-2 долбоорун бекитүү боюнча Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А. Бөдөшбековдун билдирүүсүн угуп, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп-жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин орто мөөнөттүү жайыт башкаруу планы бекитилсин.
2. Чаек жайыт комитетинин бир жылдык иш планы бекитилсин.
3. Чаек жайыт комитетинин инвестициялык планы бекитилсин.
4. Чаек жайьп пайдалануучулар бирикмесине Дүйнөлүк айыл-чарбасын өнүктүруү фондусунан каралып жаткан грант каражатына Чаек айылынын Кашка-Терек-2 долбоорун бекитилсин.
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү- мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Ж. Бөдөшбеков |