Редакцияот 16.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги ХХХ-ссссиясы

2015-жылдын 16-декабры № 13

Чаек айылынын тургундары Айдарбеков Нурсултанга жана Жыргалбек уулу Адилетке жер участогун берүү жөнүндө

 

Чаек айыл аймагындагы Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган, Чаек айылынын Э. Сапарбеков көчөсүндөгү таналып, тонолуп кеткен эски гаражды Чаек айылынын тургундары Айдарбеков Нурсултанга жана Жыргалбек уулу Адилетке узак мөөнөткө берүү жөнундө сурап жазган арызын карап, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп-жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чаек айыл аймагындагы Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде турган, Чаек айылынын Э. Сапарбеков көчөсүндөгү таналып, тонолуп кеткен эски гаражды Чаек айылынын тургундары Айдарбеков Нурсултанга жана Жыргалбек уулу Адилетке мыйзамга ылайык узак мөөнөткө берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Ж. Бөдөшбеков