ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги ХХХ-ссссиясы
2015-жылдын 16-декабры № 12
Чаек айылынын тургуну Дөөтиев Кубатка Шортон участогундагы бак-дарак отургузулган кичи паркты узак мөөнөткө берүү жөнүндө
Чаек айылынын тургуну.Чаек айылынын "Ардактуу атуулу" Дөөтиев Кубатка Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги Шортон участогундагы бак-дарак отургузулган кичи паркты узак мөөнөткө берүү жөнүндө сурап жазган арызын карап Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угун-жапа талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылынын тургуну. Чаек айылынын "Ардактуу атуулу" Дөөтиев Кубатка Чаек айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги Шортон участогундагы бак-дарак отургузулган кичи паркты узак мөөнөткө мыйзамга ылайык берүү жагы Чаек айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Ж. Бөдөшбеков |