Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги ХХХ-ссссиясы
2015-жылдын 16-декабры № 14
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2015-жылдын 18-майындагы № 01-24/75 буйругуна ылайык. Чаек айыл өкмөтүнүн Администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын 16.11.2015-жылдагы № 189 буйругун бекитип берүү боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы угуп-жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин.
· Байтөлеев Тыныбек Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, Комиссиянын төрагасы
· Алымкулов Рустамбеке Чаек айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи, Комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
· Исраилова Тамара - Бештерек айыл башчы
· Карыбеков Эмилбек - Чаек айыл башчы
· Дөөтиев Максат - Чаек айылдык Кенешинин депутаты
· МамбетказиевТынчтык - Милициянын участкалык инспектору
· Отунчиева Динара - Өкмөттүк эмес уюмдун өкүлү (макулдашуу менен)
2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин" "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка ченемдик укуктук актыларды жана Жобону жетекчиликке алып иш алып барышсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү- мекемесинин башчысы О Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Ж. Бөдөшбеков |