Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-июлу № 1
Боо-Терек айыл округунун тургуну Кудайбергенов Келсинбекке Бакай-Ата райондук сотунун чечиминин негизинде, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн бюджетинен 240 000 сом жана мамлекеттик алым 24 000 сом төлөп берүү жөнүндөгу маселени карап. талкуулап Боо-Терек айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл округдук жергиликтуу озун-озу башкаруу Кенеши, Бакай-Ата райондук сотунун 2010- жылдын 01- апрелиндеги жоопкер- Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнөн доогер - К. Кудайбергеновдун пайдасына 240 000 сомдун ондурулуусуно макул эмес.
2. 2005- жылдын 18- февралындагы Жогорку соттун К. Кудайбергеновдун пайдасына чечилген чечимин, Боо-Терек айылдык округунун мурунку айыл окмотунун башчысы Т. Джоробеков жана жер адиси К. Абдышовдор оз убагында аткарбагандыгы учун. Т. Джоробеков жана К. Абдышовтордон 240 000 сом жана мамлекеттик алым 24 000 сомду ондуруу учун, Боо-Терек айылдык округунун айыл окмотунун жетекчилиги тийиштуу сот органдарына кайрылсын.
3. Боо-Терек айылдык округдук жергиликтуу оз-алдынча башкаруу Кенешинин токтому тийешелуу сот органдарына жиберилсин.
4. Тийешелуу сот органдарына Боо-Терек айылдык округунун айыл окмотунун кызыкчылыгын коргоо иретинде, жергиликтуу Боо-Терек айылдык округдук Кенешинин депутаттары : Э. Бейшебаев; Ж. Алымбеков жана М. Сатыбековдор дайындалсын.
5. Сотко катыша турган комиссия мучолорунун жол кирелери Боо-Терек айылдык округунун айыл окмотунун бюджетинен каралсын жана ишеним куболуктору берилсин.
6. Токтомдун аткарылышынын козомолдоо жагы Боо-Терек айыл округдук жергиликтуу озун-озу башкаруу Кенешинин торагасы Э. Смайылбековго жана Боо-Терек айылдык округунун айыл окмотунун башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жуктолсун.
Төрага | Э. Смайылбеков |