Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2010-жылдын 20-октябры № 10
Боо-Терек айылдык округунун тургундарынын улуш жерге болгон муктаждыктарын жою иретинде жана Боо-Терек айыл округунун финансылык абалын чыңоо учун, Боо-Терек айылдык округдук Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы, 164-контурдагы жайыт жерди, айдоо жерге которуусу (трансформация) каралсын.
2. 164-контурдагы 38,6 га жайыт жерин айдоо жерине которуусу Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрацияга сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл окмот башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жуктолсун.
Төрага | Э. Смайылбеков |