Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-январы № 2
Боо-Терек айылдык округунун жаш муундарына «күрөш» спорт залын куруш үчун. Боо-Терек айылынын тургуну Бейшебаев Эсенгазыга тиешелүү «Ч.Сатаев» көчөсүндөгү эски «Күмүштак» колхозунун гаражында жайгашкан курулушту 962 (тогуз жүз алтымыш эки) квадрат метр жеке менчик жери менен, 200 000 (эки жүз миң) сомго. Боо-Терск айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен, сатып алуу жөнүндө. Боо-Терек айылынын тургуну, күрөш боюнча спорт тарбиячысы Эсенкулов Рысбектин сунушун угуп талкуулап жана туура көрүп, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун жаш муундарына «күрөш» спорт залын куруш үчүн Боо- Терек айылынын тургуну Бейшебаев Эсенгазыга тиешелүү «Ч.Сатаев» көчөсүндөгү эски «Күмүштак» колхозунун гаражында жайгашкан курулушту 962 (тогуз жүз алтымыш эки) квадрат метр жеке менчик жери менен, 200 000 (эки жүз мин) сомго. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн менчигине сатылып алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага жана жер боюнча адиси И. Кермалиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |