Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-январы № 3
Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын алып баруу үчүн бир даана компьютер принтери менен сатып алуу жөнүндө, айылдык округдун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Мамыралиевдин суранычын угуп талкуулап жана туура көрүп, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн иш кагаздарын алып баруу үчүн, айылдык округдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн менчигине бир даана компьютер (Pentium-4) принтери менен сатып алуу үчүн 20 000 (жыйырма мин) сом бөлүнүп берилсин.
2. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн менчигине бир даана компьютер (Pentium-4) принтери менен сатып алуу жагы, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Мамыралиевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |