Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-февралы № 1
Боо-Терек айылынын тургундарынын жер боюнча түшкөн арыздарынын негизинде. Боо-Терек айыл округунун аймагындагы жалпы дыйкандардын үлүш жерлеринин жана айыл өкмөтүнө караштуу, кайра белүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлеринин аянттарын текшерүү максатында, ошондой эле Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековдун сунушун угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл округунун аймагындагы жалпы дыйкандардын улуш жерлеринин жана айыл өкмөтүнө караштуу, кайра бөлуштуруу фондусунун (КБФ) жерлеринин аянттарын текшерүү үчүн Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкару кеӊешиндеги үчтөн депутаттарынан турган ревизиялык-комиссия мүчөлөрү төмөндөгүдөй түзүлсүн:
1. Бейшебаев Эрнис, Алымбеков Жоодар, Калмырзаев Ажыбек.
2. Барпыбеков Улан, Нарботоев Дөөлөткан, Сатыбеков Мирлан.
3. Суюнбаев Абаскан, Смайылбеков Эркинбек, Бабырбеков Муратбек
4. Чыналиев Руслан, Муратбеков Шейшенбай, Эшалиев Сагынбек.
5. Бейшебаев Эсенгазы, Кубанычбеков Абдыбакас, Осмонбеков Канимет.
2. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистери И. Кермалиев. Дж. Аблаевдер дайыма ревизиялык-комиссия мүчүлүрү менен бирдикте иш алып барууга милдеттендирилишсин.
3. Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн биздин Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнө бекитилген кызматкери Абас Жумабеков чакырылып, ревизиялык-комиссия мүчөлөрү аны менен бирдикте иш жүргүзүшсүн.
4. Бакай-Ата райондук "LARK" юридикалык консультациялык бөлүмүнүн мүчөсү чакырылып. ревизиялык-комиссия мүчөлөрү аны менен бирдикте иш алып барышсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |