Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-февралы № 3
Боо-Терек айылдык округунун XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаты Ж. Алымбековдун Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) мурдагы аукционсуз, көп жылга арендага берилип кеткен жерлерди кайрадан аукцион аркылуу арендага берүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) мурдагы аукционсуз, көп жылга арендага берилип кеткен жерлерди кайтарып алуу үчүн, мурда түзүлгөн келишимдер сот органдарына берилсин.
2. Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) мурдагы аукционсуз алган жер ээлерин сот органдарына берүү жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистери И. Кермалиевге, Дж. Аблаевдерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |