Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 7-февралы № 4
Боо-Терек айылдык округунун XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаты У. Барпыбековдун Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы «Жики-Арык», «Бош-Моюн», «Көк-Жар» арык каналдарын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы «Жики-Арык», «Бош-Моюн», «Көк-Жар» арык каналдары айыл өкмөттүн балансына алынсын.
2. Боо-Терек айылдык округунун аймагындагы «Жики-Арык», «Бош-Моюн», «Көк-Жар» арык каналдарын айыл өкмөттүн балансына өткөрүп алуу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистери И. Кермалиевге, Дж. Аблаевдерге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |