Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 1
Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбеков депутаттык мандатынан баш тартып, Талас облустук шайлоо комиссиясына арызын жазгандыгына байланыштуу жана Боо-Терек айыл округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаты Бейшебаев Эсенгазынын: "Абдыбаказ Кубанычбековду айыл өкмөт башчылыгына бекитүү" жөнүндө сунушун угуп, талкуулап, ошондой эле Кеңештин дупутаттары: Нарботоев Дөөлөткан, Калмырзаев Ажыбек, Смайылбеков Эркинбек, Суюнбаев Абаскан, Сатыбеков Мирлан, Бабурбеков Мурат, Чыналиев Руслан, Бейшебаев Эрнис, Атакулов Султан бир добуштан колдоо көрсөткөндүктөн, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбеков айыл өкмөт башчылыгына бекитилсин.
2. А. Кубанычбековду айыл өкмөт башчылыгына бекитүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңешине жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |