Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 3
Боо-Терек айыл округунун "Күмүштак" орто мектебинин мүдүрү К. Садабаеванын, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңешине жиберген 15.04.2011-жылдагы №01\19 сунуштама катын жана "Күмүштак" орто мектебинин 08.04.2011-жылдагы педагогикалык Кеңешинин № 4 протоколун чечимин угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл округунда жайгашкан "Күмүштак" орто мектебинин наамы жалпы билим берүүчү "Бейшен Сатыбеков" атындагы орто мектеп болуп өзгерүлсүн.
2. Боо-Терек айыл округунда жайгашкан " Күмүштак " орто мектебинин наамы жалпы билим берүүчү "Бейшен Сатыбеков" атындагы орто мектеп болуп өзгөртүү жагы Бакай-Ата райондук Кеңешинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңешине жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |