Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 5
Боо-Терек айыл округунун " Күмүштак " орто мектебинин мүдүрү Г. Садабаеванын: "Күмүштак" орто мектебинин көмүр менен жылытуучу системасын электроэнергия менен жылытуучу системага өткөрүү жөнүндө сунушун угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ К Ы Л А Т:
1. Боо-Терек айыл округунун "Күмүштак" орто мектебинин көмүр менен жылытуучу системасы электроэнергия менен жылытуучу системага өткөрүлсүн.
2. "Күмүштак" орто мектебинин көмүр менен жылытуучу системасы электро-энергия менен жылытуучу системага өткөрүү жагы, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынан жана Бакай-Ата райондук "түндүк электро" акционердик коомунун филиалынын жетекчилигинен суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |