Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 6
Бакай-Ата райондук Кеңешинин 2010-жылдын 26-августундагы № 81 чыгыш катын жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агенттигинин 2010-жылдын 28-июлдагы №01-16/185 катын жетекчиликке алып, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековдун сунушун угуп, талкуулап экинчи жолку каралышында Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл округунун аймагында жайгашкан СООППВ "Таза-суу" бирикмеси Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн балансына азыркы учурда кандай акыбалда болсо, ошондой акыбалда акты түзүлүп, кабыл алынсын.
2. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |