Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 7
Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековдун: "Боо-Терек айыл округунун аймагында жашаган 1995-1996-жылдары төрөлгөн балдарга КБФнын жерлеринен үлүш жер бөлүп берүү жөнүндө" сунушун угуп жана келген транштын негизинде, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл округунун аймагында жашаган 1995-1996-жылдары төрөлгөн балдарга келген транштын негизинде, КБФнын жерлеринен үлүш жер бөлүнүп берилсин.
2. Боо-Терек айыл округунун аймагында жашаган 1995-1996-жылдары төрөлгөн балдарга келген транштын негизинде, КБФнын жерлеринен үлүш жер бөлүп берүү жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоо бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистери И. Кермалиев жана Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |