Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 8
Боо-Терек айыл округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаты Э. Бейшебаевдин: "Боо-Терек айыл округунун аймагында жайгашкан № 416 контур "Шоро-дрен" ден турак-жай, үй салуу үчүн айыл тургундарына 20 сотыхтан жер бөлүп берүү жөнүндө" сунушун угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл округунун аймагында жайгашкан №416 контур "Шоро-дрен" ден турак-жай, үй салуу үчүн айыл тургундарына 20 сотыхтан жер бөлүнүп берилсин.
2. Боо-Терек айыл округунун аймагында жайгашкан №416 контур "Шоро-дрен" ден турак-жай, үй салуу үчүн айыл тургундарына 20 сотыхтан жер бөлүп берүү жагы Бакай-Ата райондук Талас архитектура бөлүмүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жер боюнча адистери И. Кермалиев жана Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |