Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 10
Боо-Терек айыл округунун тургуну Мусабеков Манасбектин «жеңеси Суранбаева Гулсайранын 2,09 га үлүш жери жөнүндө» арызын карап, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мусабеков Манасбектин арызына карата, өткөн Боо-Терек айылдык округунун XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттардын кезексиз XX сессиясынын 1-токтому күчүндө болуп жана 1994-жылындагы проект реорганизациясынын жер реестри боюнча калсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |