Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 12
Боо-Терек айылдык округунун тургуну Осмонова Сүйүндүн арызын угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун аймагында жайгашкан мурунку "Күмүштак" колхозунун суу топтоочу дамбасын оңдоо үчүн, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жылдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн каражаттан кошумча семтага 5 000 (беш миң) сом каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |