Загрузка документа…
ИВАНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-августу № 43/XII-28
2012-жылдагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Ысык-Ата Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын түшүндүрмө катын угуп жана талкуулап, 2018-жылдын 16 июлундагы Ивановка айылдык кенешинин 28 созывынын XI чи сесиясынын протоколунун эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Ивановка айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Ысык-Ата Архитектура жана шаар курулуш башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан Ивановка айылынын борборун калыбына келтирүү боюнча башкы планы бекитилсин.
2. Ивановка айыл өкмөтүнө, жеке жана юридикалык жактарга курулушту ишке ашырууда бекитилген Башкы планын катуу жетекчиликке алсын.
3. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттоого жиберсин.
4. Берилген токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ивановка айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н. Ченыбаевага жүктөлсүн.
Ивановка айылдык кенештин төрөгасы | Э. Усупов |