Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 15-апрели № 13
Боо-Терек айыл округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаты Ж. Алымбековдун: "Боо-Терек айыл округуна тиешелүү, алыскы жайыттарга кетүүчү жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо үчүн, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 25 000 (жыйырма беш миң) сом бөлүп берүү жөнүндө" сунушун угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл округуна тиешелүү, алыскы жайыттарга кетүүчү жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо үчүн, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жылдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн каражаттан кошумча семтага 25 000 (жыйырма беш миң) сом каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А. Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |