Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 17-июну № 4
Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А. Мамыралиев больничныйда жүргөндүгүнө байланыштуу, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттардын кезексиз XXII сессиясынын катчылыгына убактылуу Сатыбеков Мирлан шайлансын.
2. Боо-Терек айылдык округунун XXIX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттардын кезексиз XXII сессиясынын иш кагаздарын алып баруу жагы М. Сатыбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |