Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 10-августу № 1
Боо-Терек айылдык округунун XXIX-чакрылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешинин депутаттары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүн белгилөө боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 30. 06. 2011-жылындагы № 916 V токтомун жана жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлүктөрүнүн сунуштаган талапкерлер жөнүндө маалыматтарды жана чогулуштун протоколдорун жетекчилике алып, карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча, Боо-Терек № 52, № 53, № 54 участкалык шайлоо комиссиясынын курамына, жергиликтүү өз-алдынча башкаруу органдарынын өкүлчүлуктөрүнөн сунуштаган талапкерлер жөнүндө маалыматтар жана чогулуштун протоколдору бекитилсин.
2. Боо-Терек №52, №53, №54 участкалык шайлоо комиссиясынын курамы жана талапкерлерди көрсөткөн чогулуштардын протоколдору, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Смайылбеков |