Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-сентябры № 1
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук Шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 17-августундагы № 155 токтомун жана Талас областынын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколунун жыйынтыгын карап чыгып, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас областынын Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 протоколунун жыйынтыгы туура деп табылсын.
2. Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна Кермалиев Идирис Дуйшенкулович көпчүлүк добуш менен шайлангандыгы эске алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу К. Акылбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Э. Смайылбеков |