Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондусунан 16-ноябрь 2011-жылынын ПБ № 179 сандуу буйругунун негизинде, Боо-Терек айылдык округуна багытталып келген 500 (беш жүз) миң сом акчаны, негиздүү сарптоо үчүн Боо-Терек айылындагы Чубак Сатаев көчөсүндөгү үй № ____ дареги боюнча Боо-Терек айылдык округунун балансына алынган «күрөш» спорт-залдын курулушун бүтүрүү максатында дүкөндүн артындагы «күрөш» спорт-залынын түштүк-батыш жагындагы бөлүгүн тренажорный зал үчүн, Боо-Терек айылдык округунун муниципалдык менчигине мурда сатылып алынган «күрөш» спорт-залына кошуп сатып алуу жана жогорудагы көрсөтүлгөн тренажорный залдын ремонт иштерин жүргүзүү максатында, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Фондусунан 16-ноябрь 2011-жылынын ПБ №179 сандуу буйругунун негизинде, Боо-Терек айылдык округуна багытталып келген 500 (беш жүз) миң сом акчаны, негиздүү сарптоо үчүн, Боо-Терек айылындагы Чубак Сатаев көчөсүндөгү үй № ___ дареги боюнча Боо-Терек айылдык округунун балансына алынган «күрөш» спорт-залдын курулушун бүтүрүү максатында дүкөндүн артындагы «күрөш» спорт-залынын түштүк-батыш жагындагы бөлүгүн тренажорный зал үчүн, Боо-Терек айылдык округунун муниципалдык менчигине мурда сатылып алынган «күрөш» спорт-залына кошуп сатып алуу үчүн 300 (үч жүз) миң сому жумшалсын.
2. Ушул эле биринчи пункта айтылган тренажерный залдын ремонт иштерине 200 (эки жүз) миң сому жумшалсын.
3. Бул токтомдун иш жүзүнө ашырылып, аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |