Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры № 3
Боо-Терек айылдык округунун аймагында жайгашкан «Көк-Жар» каналын тазалоо максатында жана Султанбаев Карачайдын суранычын аткаруу иретинде, Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 10 500 (он миң беш жүз) сом акча болүп берүү үчүн, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун аймагында жайгашкан «Көк-Жар» каналын тазалоо үчүн, Султанбаев Карачайга жергиликтүү бюджеттен 10 500 (он миң беш жүз) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун иш жүзүнө ашырылып, аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерии А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |