Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры № 4
Боо-Терек айылындагы «Жакыпбек», «К. Жумакеев» жана «Жаштар» көчөлөрүнө шагыл (гравий) төгүп жолдорду оңдоо максатында, жергиликтүү бюджеттен 40 000 (кырк миң) сом акча бөлүп берүү үчүн, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы «Жакыпбек», «К. Жумакеев» жана «Жаштар» көчөлөрүнө шагыл (гравий) төгүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 40 000 (кырк миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун иш жүзүнө ашырылып, аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерии А. Мамбетовага жана жер боюнча адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |