Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры № 5
"Боо-Терек айылындагы «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин ашканасына таза-суу киргизүү максатында, жергиликтүү бюджеттен 9 000 (тогуз миң) сом акча бөлүп берүү үчүн, Боо-Терек айылдык округунун жергиликтүү өз-алдынча башкаруу депутаттарынын Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылындагы «Б. Сатыбеков» атындагы орто мектебинин ашканасына таза-суу киргизүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 9 000 (тогуз миң) сом акча бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун иш жүзүнө ашырылып, аткаруу жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтерии А. Мамбетовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айылдык округунун айыл өкмөт башчысы И. Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э. Смайылбеков |