Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 5
Боо-Терек айылдык кеңештин 30 -чакырылыштагы депутаттардын 2013-жылдын 27- мартындагы сессиясы, айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Соорбековдун бала-бакчаны толук капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча демилгесин угуп, талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык округунун бала-бакча имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү максаттуу деп табылсын.
2. Бала-бакчанын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо жагы Боо-Терек айылдык округунун ишкери Алтымышова Сүюнбүбүгө тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү өздүк салымын 150000 (бир жүз элүү миң) сомду: накталай акча түрүндө айыл округунун кошумча түшкөн киреше булактарынын эсебинен которулсун.
4. Мындан сырткары, өздүк салымдын калган 50% болгон 150000 (бир жүз элүү миң) сомду материал жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл округуна милдеттендирилсин.
5. Токтрмдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл округунун башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Кубанычбеков |