Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-марты № 6
Боо-Терек айыл өкмөт башчысынын Соорбеков Таалайдын 945- контурунда 16 га, 946-контурунда 63,5 га жерлерди Жайыт категориясынан айдоо сугат жер категориясына которуу боюнча кайрылуусун, Боо-Терек айыл аймагынын XXX чакырылышындагы жергиликтүү өз-алдынча башкаруу Кеңешиндеги депутаттардын кезектеги VI- сессиясы карап талкуулап. Айыл өкмөт башчысынын кайрыруусун канаттандыруу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боб-Терек айылдык аймагындагы 945- контурунда 16 га, 946-контурунда 63,5 га жер аянтын жайыт жер категориясынан, айдоо сугат жер категориясына которулсун.
2. Жайыт категориясынан, айдоо сугат жер категориясына которуу үчүн Бакай-Ата райондук мамлекеттик каттоо башйармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | А. Кубанычбеков |