Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 2
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынын IX -сессиясы Боо-Терек айыл өкмотүнүн башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк аткарган иштери жөнүндө маалымат берүүдөн баш тарткандыгына байланыштуу жана Бакай-Ата райондук прокуратурасынын өкүлү келбей калгандыгына байланыштуу кенештин торагасы А.Кубанычбековдун айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк аткарган иштери жана райондук прокуратуранын сунушу жөнүндөгү маалыматын угуп жана ар тараптуу талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
§ 1.Прокуратуранын №11/2-13 сунушу жөнүндө.
1. Бакай-Ата райондук прокуратура тарабынан берилген сунуштун негизинде Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы XXX- чакырылышынын кезексиз VIII- сессиясынын жабык эшик артында өткөрүлгөн сессиянын №1 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бакай-Ата райондук прокуратурасынын сунушуна тийиштүү жооп берүү жагы айылдык кеңештин торагасы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
§2. Боо-Терек айыл өкмөт башчысы Т.Соорбеков жөнүндө.
1 .Боо-Терек айыл өкмөтүнун башчысы Т.Соорбековдун 100-күндүк аткарган иштери жана ЖӨАБ мыйзамынын 50-берененин 2-пунктунда аткаргандан баш тарткандыгы үчүн ЖӨАБ жөнүндө КР мыйзамынын 31 -берененин 4-пунктунун 2-пунктчасынын негизинде Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго ишенбестик көрсөтүлсүн.
2. ЖӨАБ жөнүндө КР мыйзамынын 49-берененин 7-пунктунун 9-пунктчасынын негизинде Боо-Терек айылдык аймагынын өкмөт башчысы Т.Соорбековдун ээлеген кызматын кароо жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы У.А.Тынысовго сунушталсын.
3 .Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
§З.Конкурстук комиссия жөнүндө.
Боо-Терек айыл өкмөтүндө түзүлгөн убактылуу конкурстук комиссиянын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы кызмат ордуна өткөргөн конкурстун жыйынтыгын угуп жана Бакай-Ата райондук прокуратурасынын чыгыш №11/2-13 сандуу сунушун эске алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүндө түзүлгөн убактылуу конкурстук комиссиянын иши канаатандырарлык эмес деп табылсын.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын кызматы ваканттуу деп конкурс кайрадан жүргүзүү Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Соорбековго жүктөлсүн.
3. Комиссия мүчөлөрүнө конкурсту мыйзам бузуулар менен өткөргөндүгү чүн Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан административдик чара көрүү жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
§4. Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине айылдык аймактык Кеңешинин 2013- ж 16-апрелиндеги № 8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө карап жана Бакай-Ата райондук пркуратурасынын чыгыш №11/2-13 сандуу сунушун эске алып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин 2013-жылдын 16-апрелиндеги № 8 токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2 .Боо-Терек айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылга айылдык Кеңеш тарабынан бекитилген штаттык бирдигинен:
· айыл өкмөт башчысынын орун басарынын кызмат орду кыскартылсын;
· айыл өкмөтүнүн башкы адис-юрист кызмат орду кыскартылсын.
З. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Т.Соорбековго жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Кубанычбеков |