Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 4
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезексиз IX-сессиясы айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн Б.Сатыбеков жана Д. Дүйшобаев атындагы орто мектептеринин тегерегин курчоо проектиси жактырылсын.
2. Б. Сатыбеков жана Д.Дүйшобаев атындагы орто мектептеринин тегерегин курчоо проектисинин жалпы суммасынын 5%ын тузгон 36000 (отуз алты мин) сом өлчөмдөгү өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мамбетовага жүктөлсүн
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кубанычбеков |