Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 5
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXX- чакырылышынынын кезексиз-IX сессиясы Боо-Терек айылдык аймагында жайгашкан жайыт комитетинин кайрылуусу, анда алыскы жайыттардагы Бостумбулак,Талдыбулак участкасындагы тамдарды жайыт комитетинин балансына өткөрүп берүү жана жайыт жерлерди жашылдандыруу көрктөндүрүү үчүн төлөнүүчү ижара акысын 1-сомдон 10(он) сом өлчөмүнө көтөрүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алыскы жайыттардагы Талдыбулак, Бостумбулак участкасындагы тамдар жайыт комитетинин балансына алынсын.
2. Жайыт жерлерди жашылдандыруу көрктөндүрүү үчүн төлөнүүчү ижара акысы ар бир сотугуна 1 (бир) сом өлчөмүнөн 10(сом) өлчөмүнө көтөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Боо-Терек айылдык аймагынын жайыт комитетинин жетекчиси У.А.Барпыбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Кубанычбеков |