Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 10
Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин ХХХ-чакырылышындагы кезексиз IX-сессиясы айыл өкмөтүнүн тургуну Жоробеков Надырбектин арызын, карап ФЭБ башчысы А. Мамбетованын сунушун, карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2012 жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешеден түшкон 9000 сомду Жоробеков Надырбектин уулу Мыктыбеков Арзымат Надырбековичке математика боюнча дүйнөлүк олимпиадага барууга жол кире катары чыгымдарына жумшалсын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Мамбетовага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Кубанычбеков |